Тимковский Меер Иосифович
Appearance
Тимковский Меер (Маер) Иосифович (18.02.1909, азыркы Украина, Полтава облусу, Новогеоргиевск шаары – 03.09.1983[1], Ленинград) – айыл-чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1934-жылдан кант өнөр-жай тармагында жетекчи кызматтарда иштеген. 1942-ж. Кыргыз ССРинин Беловодский кант заводунун директору, 1943-жылдан Москва районундагы Фрунзе атындагы кызылча өстүрүүчү совхоздун директору болуп иштеген. 1947-ж. ал жетектеген совхоз 24 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9