Тимуриддер мамлекети

Википедия дан

Тимуриддер мамлекети – Тимур (1336–1405) негиздеген Орто Азиядагы ири мамлекет. Тимуриддер мамлекетинин жашоосу 1370–1507-жылдары чейин созулуп, учурунда Иран, Багдад, Түркиянын чыгышын, Афганстандын көп бөлүгүн, Мавераннахр, Хорезм, Хорасанды жана азыркы Кавказ аймагын камтыган. Тимур өлгөндөн көп өтпөй так талашуу башталып, өлкө майда хандыктарга бөлүнгөн. 1407-ж. бийликке келген Шахрух (1377–1447) ошол эле жылы кайрадан Афганстанды, 1409-ж. Мавераннахрды каратып, анын башына уулу Улугбекти койгон. 1414-ж. Ирандын кыйла бөлүгүн, 1436-ж. Азербайжанды толук багындырып, бийликке огуздардын династиясынан чыккан Жахан шах дайындалган. Шахрух өлгөндөн кийин (1447) Тимуриддер мамлекети алсырай баштаган. 1449-ж. Улугбектин өз уулу колдуу болуп өлтүрүлүшү менен Хорасанга Шахруктун небереси Абу-л-Касым Бабур (1450–57), Мавераннахрга Мираншахтын небереси Абу-Сейид (1451–69) ээ болгон. Өз алдынчалыкка ээ болгон Жахан шах 1452-ж. Фарсты (Ирандын провинциясы), 1458-ж. Хорасанды убактылуу каратып алган. Абу-Сейид Тимуриддер мамлекетин кыска убакытка (1458–68) калыбына келтирген, бирок Азербайжанды каратып жүрүп каза болгондон кийин, так талашуулар кайрадан уланган. Абу-Сейиддин уулу Ахметтин (1469–94) Тимуриддер мамлекетин кайра бириктирүү аракетинен майнап чыккан эмес. Мухаммед Шейбани 1500-ж. Мавераннахрды, 1507-ж. Хорасанды каратып алышы менен Тимуриддер мамлекети өз жашоосун токтоткон. Тимуриддер мамлекетинин тушунда Орто Азиянын маданияты абдан өнүгүп, мечит, мавзолей, обсерватория, китепканалар курулган. Тимурдун тукумунан чыккан Улугбек белгилүү астроном жана математик болсо, Хусейн Байкара менен Бабыр улуу акын катары таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]