Тинтүү

Википедия дан

Тинтүү – кылмыш-жаза иши боюнча (издөө жана тартып алуу жолу менен) далилдерди табууга багытталган тергөө иш-аракеттери. Тергөөчүүнүн прокурор тарабанын санкцияланган, негиздүү токтому боюнча, милдеттүү түрдө күбөлөрдү катыштыруу менен жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдарда, эгер изделип аткан жана тартылып алынууга жаткан объектин аны табууну кечеңдетүүдөн улам, анын жоголуп кетүү, бузулуу же кылмыш максаттарына пайдаланылуу коркунучу реалдуу, же изделип жаткан кишинин жашырынып кетүүсү ыктымал болсо, Т. прокурордун санкциясы жок эле тергөөчүнүн токтому боюнча, бирок, кийин аны бир күндүн аралыгында сөзсүз кабарландыруу менен жүргүзүлө бериши мүмкүн. Кечеңдетүүгө болбой турган Т-лөрдөн башкалардын баары күндүз жүргүзүлөт. Т-нү жүргүзүү үчүн ошол жайда же жерде, болбосо көчөдө иш үчүн мааниси бар кылмыш куралы, буюмдары, документтер жана баалуулуктардын бар болуусу мүмкүн экени тууралу жетиштүү маалыматтардын болгону негиз болуп саналат. Т. ошондой эле издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу үчүн жүргүзүлөт. Негизи болсо, тинтилүүчүнүн денесиндеги, кийим-кечелериндеги жана жанындагы буюмдардан буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максаттарындагы жеке Т. тергөөчүнүн тапшыруусу боюнча алгачкы тергөө органынын кызматкери же башка киши тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жеке Т. тинтилүүчү менен бир жыныстагы адам тарабынан, күбөлөрдүн, ал эми зарыл болгондо атайын адистин катышуусу менен гана жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн Т. жөнүндө протокол түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]