Типтүү образ

Википедия дан

Типтүү образ — белгилүү бир убакта жашаган жана социалдык бир катмарга кирип, коомдук байланышта турган кейипкерлер дин жалпылыктарын алып жүрүүчү каарман. Реалисттик адабиятта каармандарды типтештирүүнүн мааниси зор, ал каарман ошол мезгилдеги бүткүл өзүнө окшогон миңдеген кейипкерлердин башкы белгилерин ала жүрөт. Мисалы, А. Токомбаевдин «Жараланган жүрөк» повестиндеги Бектурган — революцияга чейинки кордук көргөн жана революциядан кийин эркиндикке чыккан кыргыз адамдарынын тиби. Кейипкерди тип даражасына көтөрүп жеткирүү жазуучудан ошол мезгилдеги көптөгөн адамдардын мүнөздөрүн үйрөнүүнү, анан ошол үйрөнгөндөрүнүн башкы белгилерин көрө билүүнү, ага чыгармачылык фантазияны кошо билүүнү талап кылат. Жогорудагы «Жараланган жүрөк» повестинде Бектурган карыядан башка да бир топ карыялардын тагдырлары жатат, алар баары биригип бир типти түзүп турат. Ошону менен бирге ар бир типтүү образдын өзүнө гана таандык белгилери болот. Ансыз көркөм чыгарма реалисттик деңгээлге көтөрүлүн жетпейт. Демек, типтүү образда жалпылык менен жекелик ажырагыс айкалышта келиши керек. Бул реализмдин негизги талабы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]