Тиричилик узактыгы

Википедия дан

Тиричилик узактыгы, жашоо узактыгы - өсүмдүк, жаныбар жана кишинин жашоо мөөнөтү.

Ал физиологиялык, экологиялык жана орточо болуп бөлүнөт. Физиологиялык Тиричилик узактыгы - ыңгайлуу шартта жашаган особдун генетикалык жактан чектелген максималдуу өмүрү. Экологиялык Тиричилик узактыгы - табигый шарттагы жашоо чегин мүнөздөп, сырткы факторлордун таасирине көз каранды. Орточо Тиричилик узактыгы - статистикалык өзгөрүлмө чоңдук. Ал популяциянын жашоо мезг лине жараша өзгөрүп турат.

Жыгач өсүмдүктөрүнүн жана кээ бир жаныбарлардын, анын ичинде тукум курут болгондорунун жашы жылдык шакектер аркылуу аныкталат. Өсүмдүктөрдүн жашын сөңгөктүн жоондугу менен ар жылы кошулган калыңдыгын, кабыктын түсүн жана түзүлүшүн салыштырып, ал эми айбанаттарда организмдин сырткы турпаты, тиши, баш сөөк жиктеринин өсүшү же аларга эн салуу, шакектөө жолу менен билүүгө болот. Өсүмдүктөрдө эц узак жашагандар да учурайт. Мисалы, секвойя, арчанын кээ бир түрү ж. б. 3000ге чейин, эмен, грек жацгагы жана каштандар 2000ден ашык, липа, карагай 700-1000 жыл өсөт. Кен жыгач өсүмдүктөрдүн Тиричилик узактыгы 70- 120 жыл. Кээ бир өсүмдүктөр тиричилик циклин ыңгайлуу бир гана мезгилде бүтүрөт. Колониялуу өсүмдүктөр (миксомицеттер, балырлар ж. б.) 10-20 жыл өсөт.

Жаныбарлардын Тиричилик узактыгы экологиялык шартка байланыщтуу түрдүүчө болот. Мисалы, инфузориянын бир туру бир нече күн (көбүрөөк азыктанса) же бир нече ай (азыраак азыктанса) жашайт. Көп клеткалуу жаныбарлардан былпылдактар 10-15 жыл, ичеги көңдөйлүүлөр 70-80 жыл (актиния), кээ бир курттар 1-Зтон ондогон жылдар, жөргөмүштөр 4-5, кээде 20 жыл, рак сымалдар бир нече жумадан (дафния) 50 (омарлар), кээ бир моллюскалар 100 жылга чейин жашайт. Айрым балыктар (осетр, чортон) 80 жылдан ашык, жерде-сууда жашоочулар 60-70 (саламандра), таш бака 150, куштар 70, пил 60-80, гиббондор 32, шимпанзе 39 жылча жашайт. Коргоочу аппараттары бар (раковина, панцирь ж. б.) жана аз кыймылдуу жаныбарлар (таш бака) кыймылдуу жаныбарларга (жыландар менен кескелдириктер) Караганда узак жашайт. Жасалма гиподинамия көп сүт эмүүчүлөрдүн Тиричилик узактыгын кескин кыскартат, ал эми узакка уктоо (о. эле ачка болуу) узартат.

Кишинин Тиричилик узактыгы биологиялык тубаса өзгөчө лүктөргө жана социалдык шартка байланыштуу. Ооруларды алдын алуу жана дарылоо, өлүмдү азайтуу, геронтология жана гериатриянын жетишкендиктери Тиричилик узактыгынын мындан ары жогорулашына алып келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.