Титанаттар

Википедия дан

Титанаттар – төрт валенттүү титан к-тасынын туздары. Т. эки топко бөлүнүшөт: метатитанат Ме2ТiО3 жана ортотитанат Ме4ТiО4 (Ме- щелочьтуу металлдар, 2 валенттүү металлдар туздары болсо, МеТiО3 жана Ме2ТiО4 болот). Мындан тышкары полититанаттар: Ме2Тi2О5. Т. ТiО2 тиешелүү металлдар оксиддери менен балкып эриген абалга жеткирип алышат, кээде ал металлдар карбонат же гидроксид менен балкып эригенге чейин ысытуудан алынат. Т. сууда жана суюлтулган кислоталарда эрибейт, кайнап турган күкүрт к-тасында эрийт. Т-дын көпчүлүгүнүн диэлектрикалык туруктуулугу бир кыйла чоң болот. Алардын ичинен ВаTiО3 сыйымдуулугу чоң конденсаторлор даярдоодо, гидроакустикалык жана ультра үн аспаптарда, электрондук схемаларда, үн жоготуучу аспаптарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]