Титан кен таштары
Титан кен таштары – курамында титан металлы бар минералдардын жаратылыштагы чогундусу. Анын курамында бөлүп алууга экономикалык жана технологиялык жактан арзырлык өлчөмдө титан кени болушу зарыл. Негизги минералдары: ильменит (Fe ТЮ3 43,7-52,8%), рутил, анатаз жана брукит (94,2-99,5%), лейкоксен (61,9-97,6%), лопарит (38,3-41,0%), сфен (33,7-40,8%), титанит (33,7-40,8%), перовскит (38,7-57,8%) жана титан магнетит. Титан кен таштары пайда болуш шартына карай магма, экзоген жана метаморфоген чачынды, үбөлөндү кыртыш кендери болуп ажыратылат. Магма кендери ультранегиздүү, негиздүү жана жегичтүү тоо тектер менен байланыштуу. Кен таштагы титан кычкылынын (ТЮ2) кондициялык өлчөмү кендин түрүнө жараша 0,5-32% ке чейин. Ири кендери Лейк-Тио (Канада), Тегавус, Санфорд-Хилл, Трейл-Риж (АКШ), Тельнес (Норвегия) бар. Титан кен таштарынын экзоген кендери талкаланды кыртыштардын аллювий, делювий, элювий чөкмөлөрүндө кен чачындысы катары кездешет. Кендер Россия, Австралия, Индия, Бразилия ж. б. жерлерде белгилүү. Метаморфоген кендери кумдук, амфиболит, гнейс жана хлоритүү сланец ж. б. тоо тектерде кабат же тарам түрүндө учурайт. Мында өнөр-жай маанисиндеги концентрациясы 12,2% ке чейин.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9