Титан оксиддери

Википедия дан

Титан оксиддери – титан менен кычкылтек бирикмелери. Бул бирикмелерде Тi. валенттүүлүгү 2 4 чейин өзгөрөт, TiO, Ti2O3,ТiO2. Ti-. аралаш оксиддери да бар, Ti3O5(Ti2O3/TiO2), Ti4O7… Тi10O19 . TiO2 - амфотердүү оксид, TiO Ti2O3 – негиздик касиетке ээ. TiO – жез-алтын түстөгү жалтырак күкүмдөр, кубдук кристаллдык торчо, а=4,24, Тыгызд. 4,93; балкып эрүү t= 1750-20200С; DНо298 = -124 ккал/моль. Ti менен TiO2 1500-1600оС чейин ысытканда TiO алынат. Ti2O3 – кочкул сыя түстөгү тригоналдык торчо, а=5,14А, с=13,61А, Тыгызд. 4,6г/см3 ; балкып эрүү t=1900-2130 0 ; DНо298 =-363 ккал/моль. TiO2 – ак күкүм, полиморфдуу, жаратылышта үч түрдүү кристаллдык формага ээ: рутил, анатоз, брунит, тыгызд. 4,18-4,25г/см3, балкып эрүү t=1850оС, DНо298 =-225 ккал/моль. Эриген абалда күкүрт к-тасында көпкө ысытканда Тi(SO4)2 өтөт, TiO2 гидраттары алуу шартына жараша өзгөрмөлүү болот. Ti(IV) туздары сууда эригенде жеңил гидролизденет; TiО(OH)2 же H2TiO3 ак чөкмөсү түшөт да, метатитан к-тасы деп аталат. Ti(IV) туздарына аммиак же щелочь менен таасир кылуудан борпоң ак чокмо – орто титан к-тасы H4ТiO4 алынат. TiO2 щелочтор менен балкытып эритүүдөн, титанаттар – титан к-тасынын туздары алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]