Тифлопедагогика

Википедия дан

Тифлопедагогика (гр. typhlos- сокур жана педагогика) - дефектологиянын козу майыптарды (тубаса сокурлар, начар көргөндөр, дүлөй-сокурлар ж. б.) тарбиялоо, билим берүү, эмгекке даярдоо маселелерин иликтеген тармагы.

Сокурлар үчүн мектепти адегенде Тифлопедагогиканы негиздөөчү франциялык педагог В. Гаюи (1784-ж. Парижде) ачкан. Сокурлар үчүн мектепте Л. Брайлдын рельеф-чекит системасы боюнча начар көргөндөр үчүн мектепте ири аринтер менен басылган окуу китептери ж. б. адабияттар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.