Тихонов Григорий Матвеевич

Википедия дан

Тихонов Григорий Матвеевич (10. 4. 1912, азыркы Казакстан Республикасы, Көкчө-Тоо облусу, Рузаев району, Семёновка кыштагы – 13. 2. 1944, Беларус ССРи, Мозырь шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1944), улук лейтенант. Согушка чейин Кыргызстандын Кайыңды станциясында жашаган. 1933-ж. Советтик Армияга Фрунзе шаардык аскер комиссариатынан чакырылып, Свердловскидеги аскердик-саясий курамдык мектепти бүтүргөндөн кийин чек арада кызмат кылган. 1938-ж. демобилизацияланып, Кыргызстанга келген. 1939-ж. Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан кайрадан Советтик Армияга чакырылып, советтик-фин. согушуна (1939–40) катышкан.

Улуу Ата Мекендик согушта 620-гвардиялык атчандар полкунун 3-кыльгччан эскадронунун командири болгон. 1943-ж. сентябрда Днепрден өтүп, плацдармды кеңейтүүгө билгичтик менен командалык кылган. Анын эскадрону 50дөн ашык гитлерчини жана миномёт батареясын жок кылып, Нивки кыштагын ээлөөгө шарт түзгөн.

Ленин, Кызыл Жылдыз, Александр Невский ордендери менен сыйланган. Мозырь шаарынын борбордук аянтына Тихоновдун мемориалдык плитасы орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]