Тиштин чириши

Википедия дан
Тиштин чиришинин түрдүү формаларын схемалык көрсөтүү: а — тиштин үстү — эмалынын бузула башташы; б — дентиндин жабыркашы; в — дентиндин толук бузулушу; г — тиштин чиришинин кабылдап кетиши (тиш көңдөйү ачылган). Стрелка менен чириген тиш көңдөйү, цифра менен жабыркаган тиш катмарлары көрсөтүлгөн (1— эмаль, 2— дентин, 3— тиш көңдөйү).
Тиштин чириши
Стоматологиялык зонд.

Тиштин чириши (кариес) — көп таралган тиш оорусу; мында тиштин катуу тканы жумшарып бузулуп, көңдөй пайда болот.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиштин чиришине туура эмес тамактануу: кантты, өтө таттуу тамакты көп жеш, витамин, кальций, фосфор жетишпегендик, чийки жашылча-жемиштерди аз пайдалануу, ошондой эле тишти жаман күтүү себеп болот.
Кош бойлуу аялдардын туура эмес тамактануусу жана ооруп калышы баланын тишинде кариестин өөрчүшүнө өбөлгө түзөт. Айрым жерлерде сууда фтор жетишпегендиктен балдарда тиштин чириши көп кездешет. Балдар жугуштуу оорулар менен катуу ооруганда, тамак-ашта витамин жетишпегенде, ошондой эле жыныстык жетилүү мезгилинде көп жолугат. Тиштин чириши кош бойлуу аялдарда ички секреция бездеринин функциясы өзгөргөндө, зат алмашуунун бузулушуна (түйүлдүктүн скелетин куруу үчүн кальцийди көп керектегендигине) байланыштуу көп учурайт. Ал адегенде билинбейт, кээде эле саргыч так пайда болгону байкалат.

Чирүү процесси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийин ал жердеги эмаль жумшарып, тиштин үстү чирий баштайт. Бул учурда таттуу, кычкыл тийгенде, щётка менен тазалап жатканда ооруйт. Акырындап тиштин чириши тереңдеп, дентинди буза баштаганда тиш көңдөйүнө тамак түшкөндө, ысык, муздак жана башкалар тийгенде ооруйт, врачка өз убагында барбаса тиштин чириши андан ары тереңдеп, эмаль менен дентинди бузууга катышкан бактериялар тиштин жумшак денесине (пульпага) жетип, аны сезгентет (Пульпит).
Чоң кишилердикине караганда балдардын тиши бат чирийт. Ал балдардын тишинин катуу тканы анча акиташтана электиги жана микроорганизмдердин таасирине туруксуздугу менен түшүндүрүлөт. Аны врач-стоматолог дарылайт. Тиштин чириши жаңы башталганда дарылоо максатка ылайык. Анткени ал кезде дарылоодо (тазалоо) оорубайт, ал эми терең кариесте катуу ооругандыктан ооруну басаңдатуучу заттарды колдонууга туура келет. Тиштин чиришин алдын алуу бала төрөлө электе (кош бойлуу кезде эле) башталууга тийиш. Кош бойлуу аялдардын тамак-ашында белок, май, углевод, витаминдер жана минерал заттар, айрыкча кальций, фосфор жетиштүү болушу түйүлдүктүн жакшы өөрчүшүнө, ошондой эле соо тиштин туура калыптанышына өбөлгө болот. Балдардын тамак-ашында белок (сүт, эт, жумуртка жана башкалар), азуу тиштери чыккандан тартып чийки сабиз, капуста, алма берген пайдалуу, кондитер азыктарын көп берүүгө болбойт. Мектепке чейинки балдарды врач-стоматологго көрсөтүп, эгер кариес байкалса токтоосуз дарылоо зарыл. Сүт тишти эрте жулдурбай, туруктуу тиш чыкканга чейин сактоого аракет жасоо керек. Аны эрте жулуп салуудан балдардын жаагы жай өсүп, туруктуу тиш туура эмес чыгат.

Кариес[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кариес (латынча сапев – чирүү), тиштин чириши – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу. Кариес сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуучу дистрофиялык же инфекциялык процесстерден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. Кариес негизинен тиштин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш арасына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажыроосунан пайда болгон кислоталар тиштин минералдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микробдор бузат. Кариес тиштин эмалы кетилүү менен башталат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, кариес көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпасына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жалтырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык жана муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш кариеси көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу. Кариес болгон тишке өз убагында пломба коюу керек. Тиштин кариеске туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары), Д витамини жетиштүү болууга тийиш[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8