Тиш оорулары

Википедия дан

Тиш ооруларытиштеги түрдүү бузулуулар.

Себептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиштин өөрчүшүндөгү бузулуулар кош бойлуулардын туура эмес тамактануусуна, сүт тиштери бузулганда аны эрте жулуп салуу жана башкалар байланыштуу болот. Кээде тиштердин арасы өтө ачык болот, айрым учурда орун жетпей, тиш катарынан сыртына же ичине чыгат.
Балдарда тиш эрте же көбүнчө өтө кеч чыгат. Бала оорукчан болуп, организм начарлаганда тиши кеч чыгат. Тиштери начар чыккан балдарды врач - стоматологго көрсөтүү керек.

Тиш сынуу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көп учурда тишти сындырып алуудан бузулат. Мындай учурда врачка кайрылып ал тишти оңдоп дарылап, керек болсо жасалма тиш салдыруу зарыл. Тиш ооруларынын ичинен тиштин чириши көп таралган. Тиш ооруларынын пайда болушунда тишке чогулган микроорганизмдер көп заттар чоң мааниге ээ. Алар тишти жакшы күтпөгөн учурда ташка айланып, бүйлөнү сезгентет (Стоматит). Чириген тиште катуу ткандын бузулушунда микроорганизм катышып, аны дарылабаса пульпитке, ал тургай периодонтитке өтүп кетиши мүмкүн. Балдардын сүт тиши бат чирийт. Сүт тиштерди эрте алып салуудан балдардын тишинин өөрчүшү бузулат. Ошондуктан аны дарылоого аракеттенүү оң. Эгер сүт тиштер түшпөй туруктуу тиштин чыгышына тоскоол болсо, тиш туура эмес чыга баштайт (тиштин ичине же сыртына). Мындай учурда врачка барып сүт тиштерди алдыруу керек. Туруктуу тишти дарылоого карабастан анын айланасындагы ткандын сезгенүүсү айыкпаса же тишти каптоого да мүмкүн болбой калганда гана врач жулууга сунуш кылат.

Алдын алуу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиш ооруларынын баарын өз убагында дарылоо аны андан ары бузулуудан алдын алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8