Мазмунга өтүү

Товардык белги

Википедия дан

Товардык белги же соода белгиси — бир жеке жана юридикалык жактардын бир өңчөй товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка жактардын товарларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоого жөндөмдүү эн белги. Каттоодон өткөрүлгөн товардык белгиге товардык белгинин артыкчылыгын, товардык белгинин ээсинин күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата өзгөчө укугун тастыктоочу күбөлүк берилет. Товардык белги катары сөз түрүндөгү, сүрөтү тартылган жана башка өлчөмдүү энбелгилер жана алардын айкалышы катталышы мүмкүн. Кыргызстанда товардык белгини укуктук коргоо анын мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшүнүн негизинде интеллектуалдык менчигин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык берилет.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7