Товардык чек

Википедия дан

Товардык чек – 1) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү бышыктоочу документтердин түрү; 2) дүкөн тарабынан жазылып берилүүчү, кардар тандап алган товардын бар экенин, ал эми төлөгөндөн кийин – сатууну бышыктоочу белгиленген тариздеги документ. Сатып алуучу сатып алган, кепилдик мөөнөтү белгиленбеген товардан (кийим-кече, кездеме, мех ж. б.) кемчиликти көрсө, эгер товардын кемчиликтери аларды кардарга өткөрүп берген күндөн тартып 6 айдын ичинде табылса, анда талап коюуга укуктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]