Тогоол

Википедия дан

Тогоол - Үркөр менен Айдын бири-бирине маңдайлашкан маалы; маңдай-тескей абалы.

Кыргыздар ушул учурдан баштап ай эсебин алышкан. Ай менен Үркөр ар бир айда (Ай эсеби боюнча) бир жолу тогошот. Жылдыз айынын узактыгы 27,32 суткага, ал эми синода айыныкы, б. а. жаңырган айлардын аралыгындагы убакыт 29,53 суткага барабар. Ошого байланыштуу Ай менен Күндүн тогошуусу ар бир (ай эсеби боюнча) айда түрдүү күндөргө туура келет, башкача айтканда мурдагыдан 2,21 сутка эрте кездешет. Мис., өткөн айда 9-күнү тогошсо, кийинки айда 7-күнү кездешет. Ошого байланыштуу кыргыздар тогуз тогоол, жети тогоол, беш тогоол д.у.с. деп бөлүшкөн. Ошол эле убакытта, кыргыздар, тогоол сөзсүз так сандагы күндөргө туура келээрин да аныкташкан

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2