Тогуз-Булак мөңгүсү

Википедия дан

Тогуз-Булак мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндук капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,4 км, алабынын аянты 6,3 км. Тосор суусунун оң куймасы Тогуз-Булактын башында жайгашкан. Тосордун алабындагы эң ири мөңгү. Эки камералуу цирктен башталып, тоонун кырын бойлой созулат. Бети негизинен тегиз. Муздун калыңдыгы мөңгүнүн этегинде 80 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4390м, этеги 3540м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3950 м, абляция облусунун аянты 3,3 км. Андан Тогуз-Булак суусу башталат.