Мазмунга өтүү

Тоидзе, Моисей (Мосе) Иванович

Википедия дан

Тоидзе, Моисей (Мосе) Иванович (1871, Тбилиси – 1953, ошол эле жер) – советтик живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1953), СССР САнын анык мүчөсү (1947), Социалдык Эмгектин Баатыры (1932). Петербург САда (1896–99) окуган. 1899-жылдан Тбилисиде жашап, Эл сүрөтчүлөр студиясын уюштурган (1922). Тбилиси САнын проф. (1930–53). Т. революциялык жана агартуу иштерине катышып, демократиялык багыттагы чыгармаларды жараткан. 1890–1910-жылдардагы чыгармаларында эл турмушун көрсөткөн сүрөт (“Мцхетоба”, 1899–1901, ГССР искусство музейи, Тбилиси) жана портреттер (еврей абышканын жана энесинин портреттери) тарткан. 1920–40-ж. социалдык курулушту, грузиндердин жаңы турмушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды чагылдырган (“Бактылуу турмуш”, 1934; “Майдандан кат”, 1942; “Жеңиш ыры”, 1948) чыгармаларды жараткан. Т. Ленин ордени, “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]