Мазмунга өтүү

Тойчубай Субанбеков

Википедия дан
Тойчубай Субанбеков
Туулган датасы:

12 -декабрь 1953(1953-12-12) (71 жаш)

Туулган жери:

Токтогул району, Ак-Чий айылы

Жарандыгы:

ССРСКыргызстан

Тойчубай Субанбеков (1953, Кетмен-Төбө өрөөнүдө[1]) — жазуучу. «Барс-бек кагандын көрөр көзү» аттуу тарыхый романы үчүн «Түгөлбай-Ата» эл аралык коомунун сыйлыгынын лауреаты.

Тойчубай Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүдө 1953-жылы 12-декабрда туулган.

Онунчу классты Торкен орто мектебинен бүтүрүп, колхоздор аралык курулуш уюмунда бетончу болуп иштеп, Советтик Армиянын катарында айдоочу болуп кызмат өтөгөн.

1980-жылы Кыргыз мамлекеттик универстетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, республикалык «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм баш-чы, «Эл жарчысы» жумалыгында, «Кырчын» журналында иштеген.

Алгачкы чыгармалары райондук, республикалык гезиттерде, «Жаш ленинчи» журналында, «Көктөм», «Учкун» альманахтарында жарыяланган.

Биринчи «Издер өчпөйт, издер жаңырат» аттуу аңгемелер жыйнагы 1986-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.
Публицистикалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып келет.

1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Издер өчпөйт, издер жаңырат: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 87 б.
  • Көөдүлдүн кыркалекей теректери: Повесть. «Ала-Too» журналы 1991.
  • Жүрөктөш жар: Чакан роман. – Б.: Салам, 1996. – 111 б.
  • Жээренче чечендин акыркы күндөрү: Роман. – Б., 1999.
  • Барс-бек кагандын көрөр көзү: Роман. – Б.: Айат, 2002. – 192 б.
  • Каратүлөк чоронун эрдиги: Роман. – Б.: Бийиктик, 2004. – 96 б.
  • Күнбосун ажо: Роман. – Б.: Гүлчынар, 2007. – 176 б.
  • Жалдуу Каба Роман[2]
  • Эр Садыр Роман[3]
  • Ак өргөөгө кут төшкөндө Роман[1]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5
  1. 1.0 1.1 "Камчысчын койнуна катпагандар". Жаңы Ала-Тоо 7 (51): 3-48. 2013. https://new.bizdin.kg/media/books/%D0%9D%D0%BE%D0%B2%D1%8B%D0%B9_%D0%90%D0%BB%D0%B0-%D0%A2%D0%BE%D0%BE_2013_7.pdf. 
  2. Шамшиев, Бекташ. Күйүттү күчөткөн каркыралар, Азаттык үналгысы (15.01.2019).
  3. Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларына 100 китепти окууну сунуштады, Коом Пресс (02.03.23).