Токамак

Википедия дан

Токамак («магнит чыгырыктуу түйүн камерасы» деген сөздөрдүн кыскарганы) – жогорку температуралуу плазманы алуучу жана кармап туруучу түйүн (тор) түрүндөгү туюк магниттүү тоскуч.

Токамак башкарылма термоядролук синтез (БТС) проблемасынан келип чыкты. Токамак тибиндеги изилдөө иштерин Л.А.Арцимович 1956-ж. И.В. Курчатов атындагы Атомдук энергия институтунда (АЭИ) баштаган. Токамак магнит талаасы түйүндүү плазмадагы ток түзгөн талаа (Нω), чыгырыктардын тогу түзгөн талаа (Нγж-а түйүндүү негизги огу боюнча жайланышкан зымдардан түзүлгөн талаанын (Н⊥) суммасынан турат. Суммалык магнит талаасынын күч сызыктары спираль формада жана түйүндүн ичинде бир канча катмар туюк магниттик беттерди пайда кылат. Эгерде Шафранов-Крускал чени Нϕα/НϕR > 1 аткарылса, анда Токамактагы плазма магнит-гидродинамикалык жактан туруктуу, мында R – түйүндүн чоң радиусу, α-плазма оромунун туурасынан кесилиш радиусу. Плазманы теңсалмакта кармап туруу үчүн Н⊥≈Нωα/R болуш керек. Плазма өзү аркылуу өткөн токтун таасиринде ысыйт. Анын температурасын дагы жогорулатуу үчүн өзгөрмө электр-магниттик талаалар жана тез кыймылдоочу нейтрал атомдордун агымы пайдаланылат.

1968-ж. АЭИ Т-4 түзүлүшүндө алгач квазитуруктуу физикалык термоядролук реакция алынган. Кийинки муундагы Т-15 түзүлүшүндө плазманын параметрлери термоядролук реактордукуна жакындашты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]