Токиодо болгон окуя

Википедия дан
Токиодо болгон окуя.

"Токиодо болгон окуя" (жап. 東京 物語 Tōkyō Monogatari?, англ. Tokyo Story, орус. Токийская повесть) - 1953-ж.чыккан Жапон драма тасмасы. Режиссеру Ясузиро Одзу, ал эми башкы каармандарды Тисү Рү жана Тиэко Хигасийама ойношкон. Окуя улгайып калган жуптардын эрезеге жеткен, Токиодо жашап жаткан балдарына саякаттап баргандары тууралуу. Озу жана Кёго Нода аттуу сценарист тасманын сценарийин биргеликте 103 күндүн ичинде жазып, 1937-ж.чыккан Лео Маккеринин "Эртеңкиге жол жаса" аттуу тасманын негизинде тартышкан.

Жапонияда 1953-ж. жарыкка чыкканы менен дароо эле эл аралык даңкка жеткен эмес, анткени неизги Жапон тасма экспорттоочулары тасманы "Өтө эле жапончо" деп эсептешкен. 1957-ж. Лондондо көрсөтүлүп, бир жыл соң алгачкы Сазерленд инагурациялык олжосун утуп алган. 1972-ж.Нү-Йоркто кинтеатрларда көрсөтүлгөндөн кийин тасма сынчыларынын жакшы баасына татыган.

"Токиодо болгон окуя" тасмасы Озунун эң мыкты тасмасы жана көп учурларда бардык мезгилдердеги эң мыкты тасмалардын бири деп аталат. 2012-ж. "Sight & Sound" журналы тарабынан бардык мезгилдердин эң мыкты тасмасы деген наамга татыган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]