Токой питомниги

Википедия дан

Токой питомниги

  • 1) токой көчөттөрүн остуруучу чарба;
  • 2) токой көчөттөрү остурулуучу аймак же участка.

Токой питомнигинин токой, токой-мелиорация, жашылдандыруу түрү бар. Аянты боюнча чакан (3 га), орто (3-20 га) жана ири (20 задан арбын) болуп бөлүнөт. Убактылуу Токой питомнигинде көчөт бир жолу же бир нече жыл (5 жылча) өстүрүлөт. Мындай питомник токой, токой өнөр жай чарбаларынын карамагында болот да, токой өстүрүүчү жерге чектеш жайгаштырылат. Убактылуу Токой питомниги Кыргызстанда Пржевальск жана Өзгөн токой чарбаларында кездешет. Туруктуу Токой питомниги узакка пайдаланууга арналып, өзүнчө ишкана катары эсептелет.

Токой питомниги үчүн көбүнчө кур топурактуу, түзөң жер колдонулат. Анын бөлүмдөрүндө кооз өсүмдүк, тех. дарак жана бадал породалары, мөмө багы, жүзүмзар ж. б. бар. Мында кыйыштырма материал, кырчын, урук даярдалат. Дарактын жана бадалдын баалуу туру жана формасы чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.