Токол эчки

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны: 10—20 киши,

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, томпойлор колдонулат.


Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлөмү 20X20 метр келген аянтчанын ортосуна кесенин көлөмүндөй чуңкур сыйлат, андан кийин колдоруна таяктарын алышып эки бөлүнүшүп оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи топтун оюнчулары, таяктары менен томпойду аянтчанын ортосундагы чуңкурга түртүп же уруп киргизүүгө аракеттенишет. Экинчи топтун оюнчулары чуңкурду корушат. Томпой чуңкурга киргизилгенден кийин, оюнчулар ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Томпойду көп жолу чуңкурга киргизген топтун оюнчулары жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирин таяк менен урууга, түртүүгө, кармоого, томпойду кол менен кармоого, тебүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бирдиктикке, бир бирин урматтоого, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]