Токомбаев Асанбек

Википедия дан

Токомбаев Асанбек (15. 3. 1924, азыркы Чүй областы, Ысык-Ата району, Эпкин айылы - 1987, Бишкек) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

1946-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору (1956-58), «Кыргызстан» басмасында директор (1958-60), партиянын Фрунзе шааркомунун 2-секретары (1960-62), Кыргызстан КП БКнын секретары (1962-64), Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Республикалык радиоуктуруу жана телеберүү боюнча к-тинин төрагасы (1964-85) болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку чакырылышынын депутаты (1963-85), Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4