Токомбаев Шербото

Википедия дан

Токомбаев Шербото - жазуучу, акын. Фрунзе шаарында 1974-жылы 29-июнда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1991–1993-жж. “Кыргызтелефильм” чыгармачылык бирикмесинде ассистент-режиссер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1990–1993-жж. Кыргыз-Славян университетинин психология факультетинде окуп, кийин 1993–1997-жж. Бишкек гуманитардык университетинде окуусун уланткан жана журналистика кесибине ээ болгон.

1997–2002-жж. Жазуучулар союзунда иштеп, 2002-жылы Бишкек ПЕН-клубунда төрага болгон. 2004-жылдан РАНАРды уюштуруп, анын президенти болуп иштеген. Учурда Борбордук Азия аймагында иштеп жаткан ар түрдүү эл аралык долбоорлордо медиа-эксперт болуп иштейт.

1997-жылы “Ала-Тоо жазы” фестивалынын лауреаттыгына татыган “Один день ветра” деген ырлар топтому 1998-жылы китеп болуп жарык көргөн. Ушул эле жылы Москвадан “День ветра” деген жаш акындардын чыгармаларынын жыйнагы “Стилистика” басмасынан жарык көрүп, ага Кыргызстандан Ш.Токомбаевдин чыгармалары кирген.

Автордун бир топ ырлар топтомдорунан кийин прозалык чыгармалары жарык көргөн. “Избранные эссе”, “Ала-кийиз”, Возраст любви”, “Заметки по пути” сыяктуу прозалык чыгармалары “Литературный Кыргызстан”, “Kloop-media” “Литературная Азия” журналдарында жарык көргөн.

1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Один день ветра: Стихи. – Б.: Эльпек, 1998. - 50 с.

День ветра. – М.: Стилистика, 1998. - 58 с.

Кровь кочевника: Стихи. – Б.: Салам, 2001. - 41 с.

Лестница лет: Стихи. – Алматы: Жибек жолы, 2001. - 31 с.

Все мы Азия, твои дети. – Б.:Центр литературного мастерства, 2001. - 35 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]