Токсобаева Бактыгүл Асановна
Appearance
Токсобаева Бактыгүл Асановна (22. 9. 1948ж.т., Бишкек) - экономист, экономика илимдин доктору (2005), профессор (2007). КРдин билим берүүсүнө эмгегин сиңирген кызматкер (2011).
- 1971-ж. КМУну бүтүргөн.
- 1971-88-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу,
- 1988-97-ж. доцент, кафедра башчысы,
- 1997-98-ж. жана 2007-08-ж. КУУда декан,
- 1997-2007-ж. КУУда Экономика жана башкаруу борборунун директору,
- 2008-жылдан Кыргыз экономика университетине караштуу Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору.
- 80ден ашык илимий эмгектин (алардын ичинен 2 монография, 2 окуу китеби) автору.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4