Токсокароз

Википедия дан

Токсокароз - Тохосага уруусундагы ири нематоддор (10-18 см) пайда кылуучу ит, түлкү ж. б-нын гельминтозу.

  • Чаар ичегиде мителейт. Сырткы чөйрөдөгү сиркеде өсүп жетилүүчү курт сүт эмүүчүлөрдү (кишини да), куштарды, сөөлжанды ж. б-ны ылаңга чалдыктырат.
  • Сирке жем, чөп, суу аркылуу ичегиге кирет, андан куртка айланып, ал кан тамыр менен өпкөгө өтөт, андан кан менен булчуңдарга ж. б. органдарга тарайт; ичегиде жетик митеге айланат. Мите 26-28 күндө өсүп жетилет. Токсокароз го чалдыккан жаныбарларда гастрит өөрчүйт.
  • Дарылоо: антигельминттик дары-дармек берүү.
  • Профилактика: короо-жайды таза кармоо, ылаңдуу жаныбарларды өз убагында гельминттен арылтуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.