Токсон

Википедия дан

Токсон

1) элдик календарь боюнча кыштын үч айы (декабрь, январь, февраль).

Эл ичинде токсондун башталышын «токсон түштү», орто чени «токсон күчүндө», аягын «токсон чыкты», «жерде томуктай тоң калбаганда токсон чыгат» деп айтышат;

2) жылдын төрттөн бир бөлүгү, квартал (үч ай).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4