Токтогул айыл-суу башкармасы

Википедия дан

Токтогул айыл-суу башкармасы (Токтогул шаарчасы, Муктарбек көчөсү, 15) 1984-ж. «Айылды суу менен жабдуу» бирикмеси деген ат менен түзүлгөн. 2000-жылдан азыркыдай аталат.

Райондун калкын таза суу менен камсыз кылуу жана суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт.

Жаңы-жол айыл өкмөтүнө караштуу Каратектир айылында суу куурунун жалпы узундугу 8 км, Аралда 11 км, Жаңыжолдо 4 км, Балачычканда 7 км; Кетментөбө айыл өкмөтүндөгү Терексуу айылында 18 км, Чоңарыкта 14 км, Чолпоната айыл өкмөтүндөгү Чолпоната айылында 8 км, Актектирде 6 км, Торкен айыл өкмөтүндөгү Торкен айылында 7 км, Каражыгачта 10 км, Белалды айыл өкмөтүндөгү Сарысөгөт айылында 11 км, Үчтерек айыл өкмөтүнө караштуу Кызылураан айылында 6 км, Саргатада 14 км, үчтеректе 12 км, Кызылөзгөрүш айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш айылында 14 км.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5