Токтогул көчөсү

Википедия дан


Токтогул көчөсүКыргызстандын Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрүнүн бири.

Токтогул көчөсү

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көчө борбордун Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун аймагынан өтүп, шаардын дээрлик бүт тарыхый борборун чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Ал Төрөкул Айтматов көчөсүнөн башталып, Аламүдүн дарыясынын көпүрөсүнөн өтөт. Андан ары шаардын негизги Чүй проспектисине параллель барат. Шаардын борбордук көчөлөрү Абдрахманов, Раззаков, Логвиненко көчөлөрүн, Эркиндик, Манас проспектилерин жана башка борбордук көчөлөрдү кесип өтөт. Бейшеналиева көчөсү менен кесип өткөндөн кийин Ала-Арча дарыясындагы көпүрөдөн өтүп, багытын өзгөртөт. Андан соң, түштүк-батышты көздөй уланып, Москва көчөсү менен бүтөт. Токтогул көчөсүнүн узундугу 5 чакырымдын айланасын түзөт.[1]

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1924-жылга чейин көчө Грязновская деп аталып, кийин Демьян Бедный көчөсү деп өзгөргөн. 1938-жылы акын Токтогул Сатылгановдун урматына азыркы аталышын алган.[2]

Курулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көчөнүн ар кайсы тилкелеринде ар кандай түрдөгү имараттар басымдуулук кылат. Мисалы: жеке үйлөр, сталиндик имараттар, кийинчерээк салынган советтик көп кабаттуу үйлөр жана заманбап имараттар бар.

  • 68 - үй - А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.
  • 77- үй - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы
  • 105 - үй Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви
  • 109 - үй – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи
  • 125 - үй - "Семетей" мейманканасы
  • 125/1 - үй - Авангард бизнес борбору
  • 256 - үй "Арпа" пиво жана алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу завод
  • 259 - үй - Ош базары

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Приводится по данным сервиса «Яндекс.Карты».
  2. Фрунзе. Городская энциклопедия. Р — Т (23 -октябрь (тогуздун айы) 2020).