Токтогул районунун медициналык-санитариялык мекемелери

Википедия дан

Токтогул районунун медициналык-санитариялык мекемелери. Токтогул р-ну боюнча 6 оорукана, 7 врачтык амбулатория (Чолпоната -1982, Карасуу -1960, Торкен -1939, Совет -1939-жылдан иштейт ж. б. ),


17 фельдшер-акушердик пункт, район аралык кургак учукка каршы диспансер (1962-ж. негизделген; Жаңыжол айылында, 50 орундуу, 3 врач, 10 медицина орто билимдүү адис иштейт), райондук СЭС (1968-ж. негизделген, мында 6 врач, 15 медицина орто билимдүү адис иштейт, Токтогул шаарчасы, Азимкан көчөсү) бар. Зыфар Эгембердиев атындагы Токтогул аймактык ооруканасы 5 участкалык оорукана (Теркесуу, Үчтерек, Толук, Саргамыш жана Малабашев атындагы оорукана), 1 төрөт үйү. (Токтогул шаарчасы, К. Момункулов көчөсү) райондун калкына дарылоо-профилактикалык жардам көргөзөт. 1932-ж. негизделген.

115 орундуу. Ооруканада 10 стационардык бөлүм, райондук бейтапкана, лаборатория, физиодарылоо, тез жардам кызматы, ошондой эле райондук тиш дарылоо бейтапканасы (Токтогул шаарчасы, Э. Малгараев көчөсү; 1982-ж. уюшулган; 23 врач, 68 медициналык орто билимдүү кызматкер). Үчтерек айылындагы Ч. Орозов атындагы ооруканада (33 орундуу, 1988-98-ж. Үчтерек райондук номерлүү оорукана, 1998-ж. Үчтерек ооруканасы,

1999-жылдан азыркыдай аталат) 7 врач, 33 медсестра, Терексуу айылдык оорукана (30 орундуу,1979-ж. уюшулган) 5 врач, 26 медсестра; Толук айылдык ооруканада (30 орундуу 1969-ж. уюшулган) 4 врач,14 медсестра; Сарыкамыш айылдык ооруканада (10 орундуу) 1 врач, 7 медсестра; Өзгөрүш айылындагы К. Малабашев атындагы ооруканада (25 орундуу,1970-ж. уюшулган,1997-жылдан азыркыдай аталат) 6 врач, 40 медсестра, б. а. район боюнча 92 врач, 370 медициналык орто билимдүү адис иштейт. Ра йондун амбулаториялык-бейтапкана мекемелери сменасына 625 киши кабыл алат, стационары 465 орундуу (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5