Токтогул (манасчы)

Википедия дан

Токтогул (манасчы), легендарлуу манасчы, ырчы - элдик уламыштар боюнча байыркы кыргыз төкмө акыны.

Айрым бир маалыматтарга караганда Токтогул 14-15-кылымда Кет Бука, Жээренче чечен, Асан Кайгы, Толубай сынчы, Жаныбек хан менен бир мезгилде жашап өткөн. Ал жөнүндө эл ичинде «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген ылакап айтылып калган. Буга караганда Токтогул өтө таланттуу, элге кеңири белгилүү акын болгон. «Манас» эпосунун жаралышы жөнүндөгү кеңири таралган уламышта Манас каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырамандын Ырчы уулу кошкон экен. Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат. Токтогул деспот бийликке ар дайым каршы туруп, Жаныбек хандын ырайымсыз зөөкүрлүгү, зордукчул экенин тартынбастан ырга кошкон. Ал жеке Жаныбек эмес, өз заманында жолуккан ар бир деспотту ашкерелеп, сындап ырдаган. Эмир Темирдин кыргыздарга башчы койгон Кудаян ханды: «Өз атаң Сарысейиттен Мажик чолок, Адамзат бул дүйнөгө келген конок, Динине киргизем деп Мукамбеттин, Конокту кордук кылдың боюн тоноп, Кескениң Темиркандын душманы, Кудаян бул айтканың жалган жомок, Арбагы Кыргыз кандын сени урар, Кыргызды кыйын кыйнап кылдың домок». Албетте, элдин таламын талашып, зулумдарды ашкерелөө ал учурда жазасыз калмак эмес. Токтогул Жаныбек хандан зор кордук тартса, Эмир Темирдин зынданына түпгүп, акыры даргага асылып, өлгөн. Тоголок Молдо элдик уламыштардын негизинде Токтогул ырчы жөнүндө: «Токтогул ырдап турганда, калктын баары тыңдаган. Көрүп туруп көз менен, Жомок кылып сөз менен. Ырамаидын Ырчы уул - Жомокчунун башчысы, Баарын тизген Токтогул - Бул жомоктун ачкычы»,деп жогору баа берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4