Токтомаматов Кантөрө Шарипович

Википедия дан

Токтомаматов Кантөрө Шарипович (20. 12. 1947-ж. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Биймырза айылында туулган, 28. 04. 2017-ж. Бишкек шаарында көз жумган) - экономист, экономика илимдеринин доктору (2000), профессор (2000). 1970-ж. КМУну бүткөн.

1970-75-ж. Ош облусунун финансы бөлүмүндө улук инспектор, 1975-93-ж. КМУда окутуучу, доцент, декандын орун басары, 1993-жылдан Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин ректору (азыркы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети), кафедра башчысы, кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңешинин төрагасынын орун басары. ЖАМУ, Улудаг университетинин (Түркия) ардактуу профессору, 4 окуу китебинин, 100дөй илимий эмгектин (алардын ичинен 3 монография, 4 окуу методикалык колдонмолор ж. б.) автору. Эл аралык «Руханият» сыйлыгын жана «Журт атасы» наамын алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4