Токтонаалы Шабданбай уулу

Википедия дан

Токтонаалы Шабданбай уулу (1896, азыркы Кант району - 1978,Фрунзе ш.) - төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1958).

  • 1936-65-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармонияда ырчы. Чыгармачылыгы 20-жылдары башталган.
  • Токтонаалынын ырчылык өнөрүнүн өркүндөшүнө филармонияда Алымкул, Осмонкул, Калык көп таасир берген. Токтонаалы эл алдында кыргыздардын Октябрь революциясына чейинки оор турмушун айтып, совет бийлиги орногондон кийинки жагымдуу өзгөрүүлөрдү, эмгекти, достукту даңазалап ырдаган.
  • Элдик ырларды аткаруу менен «Ой, алтын» ж. б. секетпайдын үлгүсүндө чыгарган обондордун да автору болгон.
  • Элдик, өзүнүн ырларын, айтыштарын өзүнө гана мүнөздүү обондордо аткарган.

Айрым дастандардан үзүндүлөрдү да келтире ырдаган.

  • Туңгуч жыйнагы«Жеңиш ыры» деген ат менен 1949-ж. жарык көргөн.

Кийин «Өчпөс нур»(1954), «Көргөнүм» (1958), «Айтыштар» (1962), «Алтын дарбаза» (1965),«Мекенимди даңктайм» (1973) ж. б. ыр китептери чыккан. Токтонаалы бул китептеринде кыргыз элинин турмушун,эмгегин ырга салган. Токтонаалынын «Kapaжетим» (1964-75) аттуу дастаны, «Өмүр белестери» аттуу эскермеси да бар.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.