Токтоналиев, Сейдакмат

Википедия дан

Токтоналиев, Сейдакмат (1928, азыркы Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча айылы) — опера ырчысы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1964). 1952-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында солист болуп иштеген. Т. дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун операларынан көптөгөн партияларды аткарган. "Манас" операсынан Сыргактын , "Айчүрөк" операсынан Күлчоронун ролун жогорку чеберчилик менен аткара алган. Т. "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4