Токтоналиев Курманбек Токтогулович

Википедия дан

Токтоналиев Курманбек Токтогулович-1953-жылы 1-январда Талас облусунун Талас районунун Арал айылында туулган.Филологияилимдеринин доктору (2004),профессор,драматург,Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги,Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчөсү,«Кыргыз тили» коомунун биринчи вице-президенти.

  • 1970-жылы Киров атындагы орто мектепти, 1975жылы КУУнун филология факультетин бүтүрөт.
  • Ошол жылы Кыргыз Республикасынын ИАсынын Тил жана адабият институтунда кызматкер.
  • 1977-1980-жылдары Москва шаарындагы СССР ИАсынын Тил таануу институтунда аспирантурада окуйт.
  • 1988-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинде Окуу-методикалык китептер жана тил бөлүмүнүн начальниги.
  • 1990-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүндө жетектөөчү адис.
  • 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын башчысы. Милициянын полковниги.
  • 1992-жылы Казак Республикасынын ИАсынын корреспондент-мүчөсү К. Мусаевдин жетекчилиги менен «Кыргыз тилиндеги буйрук сүйлөм» деген темада кандидаттык диссертациясын коргойт.

Негизги илимий багыты - кыргыз тилин кыргыз эместерге (башка улуттун өкүлдөрүнө) окутуу, үйрөтүү, аның усулун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, ошондой эле кыргыз тилин үйрөнүүдө ыкчамдатылган усулду түштөндүрүү Кыргыз тилинин фонологиясы, интонациясы, синтаксиси боюнча эмгектенет.

Жалпы тил таануу боюнча адис. Сексендей макала түрүндөгү эмгектери да жарык көргөн. Кыргыз тили боюнча илимий, практикалык жана педагогдук кесип менен бирге драматургия жаатында да эмгектенет. «Кыз куумай» (эки бөлүмдүү сатиралык комедия), «Санамай сагыз» (бир көшөгөлүү сатиралык комедия), «Дүрбөлөң» (эки бөлүмдүү сатиралык комедия) сыяктуу дагы башка чыгармалары Совет (Кара-Кулжа, 1984), Ала-Бука (1986), Жумгал (1988), Шекер (1990) театрларында коюлган. Азыр Кыргызстан-Россия Славян университетинде эмгектенип жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9