Токтоналиев Шырдакбек

Википедия дан

Токтоналиев Шырдакбек (1949-ж. т., Кант району) - баянчы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995).

Фрунзедеги балдардын П.Шубин атындагы музыкалык мектептин баян классын, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эласпаптар бөлүмүн бүткөн.

Москвадагы мамлекеттик Гнесиндер атындагы музыкалык-педагогика институтунун (азыркы Россия музыка академиясы) эл аспаптар факультетинен окуган. 1974-ж. билимин өркүндөтүүдөн өтүп, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эл аспаптар кафедрасында иштей баштаган. Атайын аспап (баян) кафедрасында, Кыргыз улуттук консерваторияда оркестр классында сабак берет. Токтоналиев дирижёрлоо боюнча хрестоматияны түзгөн, «Баян үчүн пьесалардын жыйнагын» чыгарган.

Кыргыз комуз күүлөрүн баян жана аккордеон аспабына түшүргөн.


Данияда, Швецияда, Тунисте, Германияда, Японияда, Кытайда, Швейцарияда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.