Токтораалы Талканбаев

Википедия дан

Токтораалы Талканбаев (1868-1944)— 1868-жылы Аламүдүндөгү Кара-Жыгач деген жерде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Революцияга чейин ар кимге жалчы жүрүү менен жан сактап келген. Малай жүргөнүндө молдодон окуп, кат таанып калат.

Улуу Октябрь революциясынан кийин малайлыктан кутулуп, колхоздун мүчөлүгүнө кирип, дыйканчылык кылган. Анын айрым ырлары өз учурунда «Кызыл Кыргызстан» газетасында жарыяланган. Кол жазмалары Кыргыз УИАнын фондунда сакталып турат. 1956-ж. «Жазгыч акындар» деген ыр жыйнакка ондон ашык ыры жарык көргөн.

1944-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз поэзиясынын антологиясы. К. Жусупов 1-том. Бишкек-1999ж.