Токторалиев Биймырза Айтиевич

Википедия дан

Токторалиев Биймырза Айтиевич (13.8.1951-ж.т., ЖаңыБазар айылы) - биология илимдеринин доктору (1993), профессор (1997), Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти (1997), академиги (2010).

  • Москва токой-техникалык институтун (1973), ошол эле институттун аспирантурасын (1979), докторантураны (1993) бүткөн.
  • 1973-75 жана 1979-80-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунун кенже илимий кызматкери,
  • 1980-82-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунун ага окутуучусу,
  • 1982-86-жылдары институтгун профсоюздук комитетинин төрагасы, кафедра башчысы,
  • 1994-97-жылдары доценти, профессору, «Жалпы экология жана зоология» кафедрасынын башчысы,1998-99-жылдары Ош Технологиялык университетинин ректору,
  • 2000-02-жылдары экология-геологиялык факультетинин деканы, ректордун кеңешчиси,
  • 2003-10-жылдары илим жана тышкы байланыштар боюнча проректору болуп эмгектенген.
  • 2010-11-жылдары Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттигинин директору.
  • 2013-жылдан Кыргыз Республикасынын УИАнын вице-президенти, Түштүк бөлүмдүн төрагасы.
  • Россия ИАнын илимий кеңешинин мүчөсү, Экология, адамдын жана жаратылыш коопсуздугу эл аралык ИАнын академиги (1999).Бир катар университеттердин Ардактуу профессору (ЖАМУ, ОшТУ, ОшМУ, ОГПИ, БАТМУ ж.б.).
  • Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (2007).
  • Бир катар Эл аралык долбоорлордун (Памир-Алай транс чегаралык НАТО, ШКУ, Кытай, Германия, Россия, Норвегия, Аралды сактоо боюнча) жетекчиси жана катышуучусу, эксперти.
  • 200дөн ашуун илимий эмгектин, 8 монография (2 монографиясы Францияда жарык көргөн),
  • 2 окуу китебинин автору.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6