Токторов Эгемберди Самидинович

Википедия дан
1959-жылы 1-январда Кыргыз ССРинин Ош областынын, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. 1967-77-жылдары Калинин атындагы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1977-78-жылдары  Кыргыз ССРнин Ош областынын  Кара-Суу районунун “Кыргызстан” совхозунда жумушчу болуу менен баштаган. 1978-81-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин 1981-1982-жж. кайрадан  “Кыргызстан” совхозунда жумушчусу болуп эмгек жолун уланткан. 1982-1987-жж.  Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинин студенти болгон.  Университетти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1987-жылдан баштап Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда - Ош мамлекеттик университетинде “Илимий атеизм, этика и эстетика” кафедрасынын окутуучусу катары эмгек жолун уланткан.
     1993-95-жылдары  ОшМУда жаңы ачылган “Укук таануу” кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы болгон. 1995-97-жж.  ОшМУнун “Укук таануу” кафедрасынын окутуучусу.  1997-жылы ОшМУда биринчи болуп юридика жаатында юридика илимдеринин кандидаты илимий диссертациясын жактаган. 1997-98-жж. ОшМУ, “Публичное право” кафедрасынын башчысы, 1998-жылдан баштап ОшМУнун юридика факультетинин деканы. 1999-2003-жж. Укук, экономика жана башкаруу институтунун директорунун орун басары.  Ал эми 2004-2007-жж. кайрадан  ОшМУнун юридика факультетинин деканы, 2008-ж ОшМУнун  бириккен Тарых-юридика факультетинин деканы.  20224-2008-жж.Ош шаардык кеңешинин депутаты.
      2009-жылдын 29-апрелинен баштап Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, ошол эле институттун  “Кылмыш жана укугу жана процесси” кафедрассынын профессору.
         Э.С.Токторов бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси Кыргыз Республикасынын  Ардак Грамотасы (2000-ж),  КР ББИМ Ардак грамотасы (2003-ж),  КР өкмөтүнүн  Ардак грамотасы (2003-ж),  КР ББИМ “Билим берүүнүн отличниги”  төш белгиси (2005-ж),  Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (2006-ж), Ошобластык  администрациясынын  Ардак грамотасы (2008-ж).
      Профессионалдык кызыгуусу жана илимий изилдөөлөрү: мамлекеттин жана укуктун теориясы, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү коргоо, алдын алуу, жашы жете элек кылмышкерлердин ишин жазык процессинде кароонун өзгөчөлүктөрү  ж.б.  бир катар эл аралык илимий-практикалык конференциялардын катышуучусы.  30 ашык илимий макалалардын, эмгектердин анын ичинде 3 монография, окуу китептеринин автору: Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза укугу.-Бишкек, 2004. 14,2 б.т (авторлор менен бирдикте).  Конституция Кыргызской Республики и демократия.- Ош, 2009.  3,8 б.т.( в соавторствие); Мамлекет жана укуктун теориясы ( кошумча китеп).- Ош. 2012.  20,2 б.т. (авторлор менен бирдикте);  Мамлекет жана укуктун теориясы  (котормо). –Ош. 2012.  20,2 б.т. (авторлор менен бирдикте); Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик мыйзамында жабырлануучу, күбөлөрдү коргоо жана укуктарын камсыздоо.- Бишкек. 2013. 15,3 б.т. (авторлор менен бирдикте); Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексине түшүндүрмөлөр.-Бишкек. 2015. 34,5 б.т.

2023-жылдын 2-март күнү «Купуя сыр институту: теория жана практиканын көйгөйлөрү» аттуу 12.00.09 - жазык процесси, криминалистика, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү адистиги боюнча Улуттук аттестациялык комиссиянын президиуму тарабынан, юридика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бекитилди.

    Илимий жетекчи катары 2 аспирантты даярдап, алар өз диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан.