Токтосунов Асан

Википедия дан

Токтосунов Асан (22. 1. 1930-ж. т., Чүй району, Ак-Бешим айылы - 15. 5. 2014, Бишкек) - биолог, биологиялык илимдин доктору (1974), профессор (1975), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000).

КМПИни бүтүргөн (1952). Кыргыз ССР ИАнын Зоология жана паразитология институтунда кенже (1955-59), улук. (1959-63) илимий кызматкер, КМУда доцент (1963-88), 1988-жылдан зоология кафедрасынын башчысы. КРдин илимге эмгегин сиңирген ишмери (1995). Эмгектери негизинен Кыргызстандагы кемирүүчү жаныбарлар, алардын чарбалык мааниси, Теңир-Тоонун шартында амфибия жана сүт эмүүчүлөрдүн микрофизиологиялык бөлүнүпгү, экологиясы ж. б. маселелерге арналган. Даңк медалы менен сыйланган. «Кыргызстандын жаратылышы» аттуу түстүү окуу фильмин түзгөн. Омурткалуу жаныбарлардын экологиясы, экологиялык дитогенетика жана жалпы биология боюнча адис. бОтан ашуун илимий эмгеги, алардын ичинен 4 монография, 1 окуу китеби бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4