Токту сурамай

Википедия дан

Токту сурамай - кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз жерде, мектептин спорт залында, аянтчасында ойнолот.

Оюнга 13 жаштан жогорку 20-30 оюнчу катышат. Калыс оюнчуларды эки топко бөлүп, топ башчыларын дайындайт. Оюнчулар өздөрүнүн топ башчылары менен бирдикте уул балдар өздөрүнө Буудайык, Шумкар, Бүркүт ж. б., кыздар Ак кептер, Булбул, Лира ж. б. жашыруун аттарды коюшат. Калыс эки топтун оюнчуларын 10-15 м аралыкта бетме-бет кылып катарга тизип тургузат. Эки топтун аралыгына чек ташталып, ал «өзөн» деп аталат. Калыс топ башчыларына таяк кармаштырат. Оюнду биринчи баштоо укугуна ээ болгон топтун бир оюнчусу өзөндүн жээгине басып келет да: Эй эл-журт, бул агып жаткан эмне? - дейт. Экинчи топтун өкүлү: Ал биздин өзөн, деп жооп берет. Биринчи топтун оюнчусу: Мунун кечүүсү кайсы жеринде? - дейт. Экинчи топтун өкүлү: Эр азаматка бардык эле жери кечүү. Ошондон кийин биринчи топтун өкүлү ал өзөндөн бир буту менен оромпой тээп же аттап өтөт. Экинчи топко келгенде ал топтун өкүлү: Сага эмне керек, эмне издеп жүрөсүң? - деп сурайт. Биринчи топтун оюнчусу: Үйүмө конок келип калды эле, токту сурап жүрөм, дейт. Экинчи топтун өкүлү: Андай болсо тандап ал, бирок көзүн басып тур, дейт. Биринчи топтун оюнчусу экинчи топтун оюнчуларынын арасына келип, өзү каалаган оюнчуларды сенсиң деп, өзү каалагандай атты атап чакырат. Эгер биринчи топтун оюнчусу экинчи топтун оюнчусунун жашыруун атын туура таап алса, аны өз тарабына алып кетет. Эгер таппай калса куру кол кайтат. Андан кийин оюндун кезеги экинчи топко берилет. Экинчи топтун оюнчусу да биринчи топтун оюнчусундай эле иш жасайт. Ошентип, оюн улантыла берет. Оюндун акырында кайсы топтун оюнчулары өздөрүнө атаандаш топтун оюнчуларын көп алып кетсе, ошол топ утат. Бул оюндун төмөнкүдөй түрү да бар. Мында оюнчулар эки топ болуп, маңдай-тескей олтурушат. Бир топтун өкүлү экинчи топко келип токту сурайт. Ал олтурган оюнчуларды колтугунан көтөрүп, салмактуусун тандайт. Тандаган «токтусун» өз тобуна көтөрүп кетет. Ал оюнчу эч каршылык көрсөтпөшү керек. Кезек менен улам бир оюнчу келип, токтулардын эң оорун тандап кете берет; Бир топтун оюнчусу экинчи топко барып, бир оюнчунун көзүн эки алаканы менен басып туруп, өз тобундагы бир оюнчусунун жашыруун атынан айтып чакырат. Ал келип көзү басылган оюнчуну чекеге чертет да, кайра өз ордуна барып олтурат. Көздү басып турган оюнчу көзү басылган оюнчудан: Күзгүбү же таракпы? - деп сурайт. Ал оюнчу күзгү десе көзүн алаканы менен акырын сылайт, тарак десе бек сыдырып кетет. Андан кийин көзү басылган оюнчу, берки топко келип өзүн ким чекеге черткенин табышы керек. Туура тапса аны өз тобуна кошуп алат, таба албаса өзү ошол топто калат. Ошентип, оюн ушул тартипте улантылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4