Токуда Кюити

Википедия дан

Токуда Кюити (12. 9. 1894, Окинава префектурасы, Наго кыш.- 14. 10. 1953, Пекин) - япон жумушчу кыймылынын ишмери.

Басма жумушчусунун үй-бүлөсунөн.

  • 1920-ж. Токио университетинин бүткөн. Япон соц. лигасын (1920) түзүүчүлөрдөн.
  • 1922-ж. Москвада өткөн Ыраакы Чыгыш коммунисттик жана революциячыл партиялардын 1-съездине катышкан.
  • Кайра келген соң Япония компартиясын (ЯКП) түзүшүп, 1922-ж. июлда ЯКП- нин 1-жашырын уюмдаштыруу съездинде БКнын мүчөлүгүнө, 1924-ж. ЯКП БКнын катчылыгана шайланган.
  • 1926-27-ж. Коминтерн Аткомунун пленумдарьша катышкан.
  • Токуда 1928-ж. камалып, 1945-ж. октябрда гана (18 жылга жакын бошотулган. 1945-ж. декабрдан ЯКП БКнын ген. катчысы.
  • 1946-50-ж. Токуда япон парламентам депутат.
  • 1950-ж. камакка алынарда жашырын иштеп, ден соолугунун начардыгына карабастан партийны башкарган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.