Мазмунга өтүү

Ток түзөткүч

Википедия дан

Ток түзөткүч - өзгөрмө токту туруктуу токко айландыруучу түзүлүш.

Ток түзөткүчтүн негизги элементи - электр вентили. Вентилдердин түрүнө жараша Ток түзөткүч кенотрондуу, газотрондуу, тиратрондуу, сымаптуу, жарым өткөргүчтүү жана электр контакттуу болуп бөлүнөт; мындан тышкары Ток түзөткүч бир жана үч фазалуу, бир жана эки жарым мезгилдүү болуп да айырмаланат.

Түзөткүчтөн альшган туруктуу токтун пульсациясын азайтуу учүн Ток түзөткүчтүн чыгышына электр чыпкасы туташтырылат. Бир фазалуу Ток түзөткүч негизинен автоматика жана телемеханика түзүлүштөрүн, радиоаппаратураны ж. б-ны ток менен камсыз кылат, ал эми үч фазалуулар кубаттуу өнөр жай установкалары үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.