Толкун

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Толкундар - чөйрөдө (же вакуумда) таралуучу жана өзү менен энергия алып жүрүүчү дүүлүгүү; термелүүнүн чөйрөдө таралышы.

Энергияны заттын бөлүкчөлөрүнүн которулуусуз алып өтүшү Толкундардын мүнөздүү касиети болуп эсептелет. Толкундар серпилгич, суюктук бетиндеги жана электр-магниттик болуп айырмаланат. Толкундар жалгыз (импульс) толкун (1а сүрөт), цуга толкун (16 сүрөт), гармониялык толкун (1в сүрөт) өңдүү формаларда болушу мүмкүн. Эгерде серпилгичтүү чөйрөнүн (катуу, суюк, газ) кандайдыр бир бөлүкчөсүн термелүүгө келтирсе, анда ал бөлүкчө башка бөлүкчөлөр менен өз ара серпилгичтүү байланышта болот. Ал дүүлүгүү улам кийинки бөлүкчөгө кандайдыр бир ылдамдык менен берилип, таралма толкун деп аталат. Чөйрөнүн ар бир бөлүкчөсү өзүнүн тен салмактуу абалында термелет, бирок толкун таралган багытта которулуп кетпейт. Бөлүкчөлөрдүн термелүү багыты менен Толкундардын таралуу багытыкарата туурасынан нын өз ара жана узатасынан кеткен Толкундар болуп бөлүнөт. Белгилүү t убакыт ичинде бардык чекиттери бирдей термелүү фазасына ээ болуп, термелүү булагын курчаган бет толкун фронту, ал эми бирдей фазада термелген чекиттердин геом. орду толкун бети деп аталат. Алардын саны чексиз көп жана кыймылсыз абалда болот. Толкун бетинин формасына жараша Толкундар жалпак, сфералык, цилиндрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Мех. толкундун теңдемеси (туурасынан жана узатасынан кеткен Толкундар үчүн) төмөнкүчө аныкталат: Ç(r, t) =Acos(rat - kr +(p0), мында, Ңг, t) - термелген чекиттин жылышуусу, A - амплитуда, cp=(rat - hr +ср0)толкун фазасы, k - толкун вектору, гt убакыттагы чекиттин абалынын радиус-вектору, ф - баштапкы фаза. Толкундардын таралышына чагылуу, сынуу, дисперсия, интерференция, дифракция, толкундун жутулуу жана чачыроо кубулуштары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4