Толкун дифракциясы

Википедия дан

Толкун дифракциясы (лат. diffractus - сынган) - толкундун тоскоолдуктан өткөндө түз сызык боюнча таралуусунун бузулушу.

  • Гюйгенс- Френелдин принциби боюнча толкун жеткен чөйрөнүн ар бир чекитин Жаңы толкун булагы деп кароого болот. Эгер толкундун жолуна өлчөмү кичине нерсе же тешик коюлса, анда сфералык толкундар тоскоолдукту айланын тарайт.
  • Толкун дифракциясы толкун узундугу менен дифракция пайда кылуучу объектинин өлчөмүнүн өз ара катышына көз каранды. Ал тоскоолду же тешиктин өлчөмү таралуучу толкундун толкун узундугуна чамалаш же барабар болгондо даана байкалат.
  • Толкун дифракциясынын практикада, илимий изилдөө ишинде мааниси зор.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.