Толкун каршылыгы

Википедия дан

Толкун каршылыгы

  • 1) Акустикада - газ же суюк чөйрөнүн таралуучу жалпак-тегиз толкундагы үн басымыныy чөйрөнүн бөлүкчөлөрунүн термелүү ылдамдыгына брлгон катышы. Толкун каршылыгы таралуучу толкун режиминде катуулук даражасын (б. а. чөйрөнүн деформация пайда болушуна каршылык көрсөтүу жөндөмдүүлүгүн) мүнөздөйт.
  • 2) Гидроаэромеханикадагы Толкун каршылыгы газ динамикасындагы жана оор суюктуктагы болуп айырмаланат. Газ динамикасындагы Толкун каршылыгы - нерсеге карата газдын ылдамдыгы ундүкүнөн тез болгон учурда пайда болгон аэродинамикалык каршылык. Оор суюктуктагы Толкун каршылыгы -суюктуктун нерсенин кыймылына жасаган каршылык күчтөрүнүн түзүүчүлөрүнүн бири.
  • 3) электр техникадагы Толкун каршылыгы - электр-магнит толкундары таралган электр берүүчү линиядагы чыңалуунун токко болгон катышы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.