Мазмунга өтүү

Толстойчулук

Википедия дан

Толстойчулук – коомдук акыл-ойдогу диний-утопиялык багыт ж-а 19-к. аягы 20-к. башындагы Л. Н. Толстойдун окуусунун негизинде түзүлгөн Россиядагы коомдук кыймыл.

Толстойчулукдун диний – философиялык көз карашынын калыптануусуна конфуцианчылыктын, буддизмдин идеялары ж-а Руссо, Шопенгауэр чоң таасир көрсөтүшкөн. Т. ар кандай цивилизацияны, маданиятты четке кагып, дыйкандык эмгекти; жалпысынан идеялаштырат. Анын ою б-ча, адам Кудайга кызмат кылууда рухий жактан гана эркин. Эстетика б-ча эмгегинде (“искусство деген эмне?”) ал декаденчиликке каршы чыккан. Т. искусствону ишмердүүлүк катары аныктап, анын негизинде адамдар бири-бирине сезимдерин беришет деген. Бирок, адамзаттын эң жогорку максатын “Кудайдын падышачылыгын” таратууда көргөн. Ал мындай жыйынтыкка келет: “Искусствонун жетектөөчү идеясы диний идея болмуш керек”. Толстой ошол кездеги Россиядагы мамлекеттик мекемелердин, соттордун, чиркөөнүн, бийлик аппаратынын сынына дуушар болгон. Т-лук өзүнүн жактоочуларын Батыш Европада, Японияда, Индияда (Ганди) тапкан ж-а алар 1880–1900-ж. Улуу Британияда ж-а түштүк Африкада Т. колонияларды түзүүгө аракет кылышкан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8