Толубай кызы Шааркан

Википедия дан

Толубай кызы Шааркан (1903-1978) Оймочу. Сокулук районундагы Күнтүү айылында төрөлгөн.

Кант районундагы Чоң-Далы айылында жашап өткөн. Кийиз жана сайма буюм үлгүлөрү Сокулуктун, Аламүдүндүн, Канттын Көнөк, Карасакал, Күнтуу, Кара-Шалта, Чоң-таш, Арашан, Кой-Таш, Ичке-Суу, Чоң-Далы, Боз-Бармак, Үч-Эмчек ж. б. айылдарына таралган. Ал айрыкча шырдак үлгүлөрүн арбын жараткан. Ага түшкөн көркөм оюмдары, ага түстөрдү жагызууда алыстан таанылуучу уздук бөтөнчөлүктөрү бар. Ал төтөн, мала жашылды гүлгүн сары, акты кара, кочкул көктү кызыл өң менен айкалыштырууда даана билинет. Эндүү жасалган шырдактары алты табакчадан турат. Ал түр шырдак болуп көрүнөт. Табакчалар «ит куйрук оюму», «бычак учу оюму», «бадам оюмдары» менен аламычталат. Ар бир табакчада «кочкор мүйүз оюму» «кочкор мүйүз оюму» менен же «карга тырмак оюму» менен түшүп, ичтен төрт «сыңар мүйүз оюму» чыгып, анын кызыл түстө болушу эстетикалык татыш берет. Алардын жарымы колтук оюмга шартташат. Ал «көөкөр оюму» болуп көрүнөт. Ал эми жээк оюмдарывда башкалардан анча окшоштукта жолукпай турган оюм элементтерин «кыял оюмдантып» берген өзүнүн чыгармачыл түшүмү - «Шааркандын оюму», «Шааркандын кыялы» билинип турат. Мында уз кочкул кызыл (ток кызыл), кочкул көк (ток көк) түстөрдү бери алып чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0