Мазмунга өтүү

Толуидиндер

Википедия дан

Толуидиндер – (моноаминтолуолдор, толиламиндер) С7Н9N, структуралык формуласы:

СН3

NH2

Мол. масс. 107,15 толуол амин туундулары. Анын 3 изомери (о,п,м) белгилүү. Сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрйит. Сактоодо жарыктын таасири астында өңү өзгөрүп окистенет. Нитротолуолду калыбына келтирип алынат. Лабораториялык шартта (Sn+ HCI), өнөр жайда (Fe+ HCI) катышуусунда п' Т. менен м' Т. синтезделет. Ал эми о' Т. жана п' Т, N ' метиланилин HCI катышуусунда изомеризациялоодон алынат. Т. химиялык касиети анилинге окшош, алар туздарды пайда кылат. Оңой окистенет, диазоттошуу, сульфирлөө, галогендөө, нитрлөө реакцияларына кирет. Т.трифенилметан, триазин жана башка боёкторду синтездөөдө, ошондой эле орг. синтезде кеңири колдонулат. м' Т нитрилдер, о' Т жана п' Т колориметриялык ыкма менен Н2О2 жана CI2 аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]