Толуктоочтук

Википедия дан

Толуктоочтукметафизиканын салттуу принциптеринен чыгуу үчүн, айрыкча, башталуу, булак, алгачкы себеп принциптери менен чектелбөө үчүн Деррида тарабынан киргизилген түшүнүк башталуунун бир эле мезгилде мүмкүн экендигин жана мүмкүн эмес экендигин түшүндүрөт: башталууну конструкциялоо алгач башка бир башталууну алмаштырууга көз каранды – башталуу дайыма бир нерседен башталып, экинчилик мүнөзгө ээ – бул айырмалоочу операция болуу менен бирге бир эле убакта жаңынын кошулушун үзгүлтүккө учуратып, токтотуп, аны бөлүнүүгө, күтө турууга мажбурлайт. Баарынан мурда кошумча толуктоо милдетин аткарып, ал терминдердин, түшүнүктөрдүн же кубулуштардын баштапкы жетишсиздиги, толук эместиги менен шартталган. “Өзүнө өзү жетиштүү” түшүнүктөргө карата айрым бир айырмачылыктарды толуктоонун структуралык зарылчылыгын туюнтуп, ошол түшүнүктөрдүн өзүндөгү жетишсиздикти, боштукту толуктайт. Х. Мейнерс бул түшүнүк аркылуу тигил же бул замандагы ой жүгүртүүлөрдүн образы менен маданияттын жалпы абалынын ортосундагы байланышты түшүндүрсө, Д. Тидеман ал түшүнүк менен философияны саясат, укуктар менен башкача айтканда коом турмушунун ар кыл жагдайлары менен байланыштырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004